«Ак Шумкар» жана «Өнүгүү-Прогресс» саясий партияларынын жаштар канаттары «Демократия мууну» дебаттык турниринин финалында жолугушкан. Финалдык оюндун темасы: «Саясий партиялардагы жаштар канатынын ролдорун жакшыртуу же эффективдүүлүгүн жогорулатуу».

Финалдык оюнда «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиянын жаштар канатынын командасы жеңип чыккан.

«Демократия мууну» — бул турнир форматы боюнча түзүлгөн жаштардын саясий дебаты.

Турнирдин биринчи сезонунда сегиз саясий партиянын жаштар канаты катышкан. Алар: «Ак Шумкар», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Демократ», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика» жана КСДП.

Финалга эки команда чыкты. Алар: «Ак Шумкар» менен «Өнугүү-Прогресс». Алар «Саясий партиялардагы жаштар канатынын ролдорун жакшыртуу же эффективдүүлүгүн жогорулатуу» деген теманын айланасында талкуу кылышат.

Турнирдин жарым финалында «Ак Шумкар» «Бир Бол» партиясынын жаштар канатын жеңип алган. Анда командалар «Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу» темасында талкуу жүргүзүшкөн.

«Өнүгүү-Прогресс» жарым финалдык оюнда Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын командасын жеңген. Анда жаш саясатчылар өлкө экономикасындагы кайра жаңыланган энергия булактары темасы боюнча талкуу жүргүзүшкөн.