«Ак Шумкар» жана «Замандаш» партияларынын командалары «Демократия мууну» онлайн дебаттарынын 2018 сезондун онунчу оюнда жолугушушту. Алар оюндун жалпы темасы: Чет өлкөдөгү мигранттардын укуктарын коргоону жакшыртуу — ар бир команда бул маселени чечүү үчүн мыйзам долбоорлорун сунушташат.

Долбоор «Эл аралык Республикалык институт» (МРИ), «Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүүчү дебат ассоциациясы» (IDEA CA) жана Kloop.kg нин кызматташтыгы менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

«Демократия мууну» — бул турнир форматында түзүлгөн жаштардын саясий дебаты.

Турнирдин экинчи сезонунда сегиз саясий партиянын жаштар канатынын мүчөлөрү катышышкан. Алар: «Ак-Шумкар», «Ата-Журт», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Демократ», «Замандаш», «Өнүгүү», «Жашылдар» партиясы.

Добуш берүү:

Добуш берүү 10-майдын саат 19:00дө аяктайт.

Дебаттар тууралуу кененирээк маалымат: