«Бир Бол» жана «Замандаш» партиялар 2018-жылдын сезонундагы «Демократия Мууну» жаштардын саясий дебаттарынын экинчи полуфиналында жолугушту. Алар оюндун жалпы темасы: Мамлекеттик карыздарды эффективдуу башкаруу — ар бир команда бул маселени чечүү үчүн мыйзам долбоорлорун сунушташат.

Долбоор «Эл аралык Республикалык институт» (МРИ), «Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүүчү дебат ассоциациясы» (IDEA CA) жана Kloop.kg нин кызматташтыгы менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

«Демократия мууну» — бул турнир форматында түзүлгөн жаштардын саясий дебаты.

Турнирдин экинчи сезонунда сегиз саясий партиянын жаштар канатынын мүчөлөрү катышышкан. Алар: «Ак-Шумкар», «Ата-Журт», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Демократ», «Замандаш», «Өнүгүү», «Жашылдар» партиясы.

Долбоордун эки полуфиналдык жана финалдык оюнда добуш берүү кызматы жок.

Дебаттар тууралуу кененирээк маалымат: