«Өнүгүү» жана «Бир Бол» партиялар 2018-жылдын сезонундагы “Демократия Мууну” жаштардын саясий дебаттарынын финалында жолугушту. Алар оюндун жалпы темасы: Жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу — ар бир команда бул маселени чечүү үчүн мыйзам долбоорлорун сунушташат.


Долбоор «Эл аралык Республикалык институт» (МРИ), «Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүүчү дебат ассоциациясы» (IDEA CA) жана Kloop.kg нин кызматташтыгы менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

«Демократия мууну» — бул турнир форматында түзүлгөн жаштардын саясий дебаты.

Турнирдин экинчи сезонунда сегиз саясий партиянын жаштар канатынын мүчөлөрү катышышкан. Алар: «Ак-Шумкар», «Ата-Журт», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Демократ», «Замандаш», «Өнүгүү», «Жашылдар» партиясы.

Турнирдин жеңүүчүсү — «Бир Бол» партиясы.

Дебаттар тууралуу кененирээк маалымат: